25.12.2019 11:35

Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы иштерге мамлекеттик бюджеттен 12 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды.

Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы иштерге мамлекеттик бюджеттен 12 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды.

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жайыны өтүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы иштердин баары мамлекеттик бюджеттен аткарылгандыгын, буга 12 миллиард сомдон ашуун каражат корогонун кошумчалады.

Мамлекет башчы ар кыл тармактагы жетишкендиктер, анын ичинен жол, медицина, билим берүү, курулуш иштери, санариптештирүү, маданият тармактарындагы аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Президенттин быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөнү кабарланган. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер.